БИШКЕК. «Атажурт» коомдук-саясий кыймылынын 22-декабрга белгиленген уюштуруу курултайы кечирээк мөөнөткө техникалык себептерге байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу кыймылдын тең төрагаларынын бири Роза Отунбаева 21-декабрда билдирди. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, «Атажуртту» уюштуруунун демилгечилеринин бири Адахан Мадумаровдун билдирүүсүнө караганда, уюштуруу курултайы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан үгүт иш катары бааланбаш үчүн өткөрүлгөн жок. Курултай эми шайлоодон кийин болмокчу, деп белгиледи Адахан Мадумаров.