Бүгүн муну шаркетте азыр төрагалык кылып жаткан Голландиянын премьер-министри Ян Петер Балкененде ырастады. Балкененде 26-декабрдагы добуш берүү адилет жана ачык болоруна үмүттөнө турганын да кошумчалды. Украинадагы шайлоону кечээ Россиянын президенти Владимир Путин менен Германиянын канцлери Герхард Шрөдөр да талкуулашты. Тараптар алдыдагы шайлоонун натыйжасы кандай болсо да аны урматташа тургандыгын ырасташты.