Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Келерки жылы Кытай Кыргызстандын коргоо тармагына 10 млн. юань берет


БИШКЕК. Кытай Эл республикасынын коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигине келерки жылы 10 миллион юань жардам бергени жатат. Буга байланышкан документке Бишкекте 22-декабрда Кытай коргоо министринин тышкы байланыштар боюнча канцелярия башчысынын орун басары Цянь Лихуа, Кыргызстан тараптан коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов кол коюшту.

Цянь Лихуаны ушул эле күнү чегара кызматынын башчысы Калмурат Садиев жана Улуттук гвардиянын башкы командачысы Абдыгул Чотбаев кабыл алды. Цянь Лихуа баштаган Кытай улуттук боштондук армиясынын аскерий делегациясы Кыргызстанга төрт күндүк иш сапары менен кечээ келген.

XS
SM
MD
LG