Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Айрым партиялар курултай өткөрүүнү каалашпайт


БИШКЕК. 25-декабрда Бишкекте Алмаз Атамбаев жетектеген Социал-демократтар партиясы өзүнүн курултайын өткөргөнү жатат. Бул тууралуу 22-декабрда партия расмий маалымат таратты. Курултайда партия келерки парламенттик шайлоого талапкерлерди сунуш кылышат. Ал эми бир катар партиялар курултай өткөрүүнү каалашпайт жана өз талапкерлерине парламенттик шайлоого өз атынан барууну сунуш кылышат. Мындай саясий уюмдардын катарында Социалисттик «Атамекен», «Арнамыс» партиялары бар. «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиевдин пикиринде, курултай көп каражатты талап кылат, бирок, мыйзамда саясий партиялардын кызыкчылыгын коргогудай укуктук базалар жок.

XS
SM
MD
LG