Люксембурдагы Европа соту Еврокомиссия америкалык "Майкрсофт" компаниясына каршы киргизген санкцияны күчүндө калтырды. Март айында Еврокомиссия антимонополиялык мыйзамдарды бузганы үчүн деп "Майкрософтту" 650 миллион доллар өлчөмүндө айып төлөөгө милдеттендирген болчу жана компаниянын жетекчилигин "Виндоуз" системасын кантип жасоонун сырларын ачууну талап кылган. Эгер компания ал маалыматтарды ачыкка чыгарса Европадагы фирмалар аны өздөрү жасай баштамак жана бул болсо атаандаштыкты күчөтмөк. Евросоттун мындай чечимин эми "Майкрософт" Европанын жогорку сотуна апелляциялык тартипте бере алат.