Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Ирактагы кол салуулардан кеминде 22 киши өлдү


Кошмо Штаттарынын куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүндөгү кечээки кол салууну иликтеп жатышат. Козголоңчулардын кечээки чабуулунан Мосул шаарындагы америкалык аскердик базада 22 адам өлгөн, анын он беши Кошмо Штаттарынын жоокерлери. Кол салуудан 66 адам жаракат алган, алардын кырк экиси американын аскерлери. “Ансар ан-Суннанын армиясы” тобу бул кооганы биздин жанкечти жасады, ал өзүн өзү жардырып жиберди деп билдирди. Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты жана баары бир Иракта демократия жеңээрине ишеничин билдирди:

- Мен Иракта демократия жеңээрине ишенем. Эркин Иракта баары бир бейкуттук орнойт. Биз ошондуктан Кудайдан ким тынчтык үчүн күрөшүп жатса ага өмүр бер деп тилейбиз.

XS
SM
MD
LG