Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

Президенттин саясатын калкка туура түшүндүрүү зарылдыгы Нарында белгиленди


НАРЫН. Социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылынын тыянагын чыгарган жыйын Нарында өтүп, анда жетишилген ийгиликтер, кемчиликтер жөнүндө кеп болду. Бирок жыйын соңу саясий сөзгө айланып кетти. Маселен, губернатордун жыйынга катышкан орун басары Айнагүл Чылабаева өлкөдө күн өткөн сайын саясий абал курчуп баратканын белгилеп, алдыдагы шайлоо кампаниясында Грузия, Украина варианттары Кыргызстанда да кайталанып кетчү жагдайы бар экендигин билдирди жана мындай шартта Аскар Акаевдин алдын көрө билген көсөм саясатын элге туура түшүндүрүүнү, алдыдагы жагдайларга даяр болууну, райондук бийлик өкүлдөрүнө, айыл өкмөттөрүнө кулак кагыш кылды. Ушундай кыйын кырдаалда элибиз менен биригип, Кыргызстанда тюлпан (мандалак) революциясынын болуп кетишине жол бербейли, деди Айнагүл Чылабаева.

XS
SM
MD
LG