Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны 23-декабрда 21-акыркы сессиясын аяктады. Буга байланыштуу президент Аскар Акаев ыраазычылык катын жолдоду. Бул катты сессиянын жыйынтыктоочу бөлүгүндө президенттик администрациянын жетекчисинин орунбасары Болот Жанузаков окуп берди. Катта өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, коомдогу туруктуулук менен тынчтыктын сакталышына, сот системасынын калыптанышына беш жылдык ишмердүүлүгунда кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Акырында Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев беш жылдык иштин жыйынтыгын чыгарып, депутаттарга келерки парламенттик шайлоодо ийгилик каалады.