Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Беслан трагедиясына жетекчилердин кудуретсиздиги себеп болгон


Беслан трагедиясынын себептерин иликтеп жаткан Орусиянын парламенттик комиссиясынын төрагасы Александр Торшин кечээ күнү атайын билдирүү жасап, барымта учурунда абдан көп адам өлгөнүнө жетекчилердин кудуретсиздиги себеп болгон деп билдирди. Андан тышкары, Торшиндин айтымында, мектепти барымтага алгандардын чет өлкөлүк атайын кызматтар менен байланышы да болгону ыктымал. Алардын отуз бири өлтүрүлүп, бирөө туткунга алынган, бирок бир канчасы кутулуп да кеткен болуш керек. 1-сентябрда мектепте бир миңден ашык адам барымтага алынган, 3-сентябрда алардын үч жүз отуздан ашыгы өлгөн, алардын көбү - балдар.

XS
SM
MD
LG