Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Украина президенттигине талапкер Ющенко элге алкыш айтты


Украина президенттигине талапкер Виктор Ющенко кечээ күнү Киев шаарынын борбордук аянтында чогулган элге кайрылып, алкыш айтты. Анын айтымында, эл көптөгөн күн бою митингге чыгып, бир тамчы кан төкпөстөн бүткүл Украинаны өзгөртүүгө жетишти, жана эми элдин баары шайлоого катышууга тийиш: "Шайлоонун жыйынтыгы ишенимдүү болуш үчүн, добуш берүүгө ар бир адам катышууга тийиш. Ошондо гана аны бурмалоого же бузууга мүмкүнчүлүк болбойт". Элдик толкундоолордон улам, президенттик шайлоонун 21-ноябрда өткөрүлгөн экинчи айлампасынын жыйынтыктарын өлкөнүн Жогорку соту бурмаланган деп таап, аны жокко чыгарган жана эмки жекшемби күнү добуш берүү кайталанат. Өлкөгө 12 миңге жакын чет өлкөлүк байкоочу келээри күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG