Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Орус президенти жыл аягында журналисттер менен жолукту


Орус президенти Владимир Путин кечээ күнү Маскөөдө журналисттер менен жолугуп, ЮКОС компаниясынын негизги ишканасы "Юганснефтегаздын" сатылганы мыйзамдуу болду деп билдирди. Аны жекшемби күнү "Байкалфинансгруп" деген эч кимге белгисиз компания сатып алган, эки күндөн кийин болсо ал "Байкалфинансгруптун" өзүн мамлекеттик "Роснефть" компаниясы сатып алды. Андан тышкары Путин Украина менен Чеченстандагы абалды Батыш сындаганын четке кагып, Орусия менен АКШ шерик экени тууралуу билдирди: "Америка кошмо штаттары биздин стратегиялык шеригибиз. Негизги маселелерди чечүүдө, эң биринчи кезекте терроризм менен күрөшүүдө биздин шериктештик шартсыз. Эч апыртпастан биздин мамилелерди мен жөн гана шериктештик эмес, өнөктүк деп да атайт элем". Анткен менен Путин - басылып алынган Иракта эркин шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес жана Чеченстандагы абалды бейстабилдештирүүгө кээде Батыш дагы көмөктөшүп калат деп билдирди.

XS
SM
MD
LG