Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:10

Премьер-министр граждандык коргонуунун жылдык ишин жыйынтыктайт


БИШКЕК. 25-декабрда Кыргызстандын граждандык коргоо тармагы жыл жыйынтыгын чыгарат. Ага байланышкан жыйынга премьер-министр, штаб башчысы Николай Танаев баштаган министрлер, губернаторлор, акимдер курамы катышмакчы. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлады. Ал эми Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кабарлоосуна караганда, жыйындын соңунда «Барымтадага алынгандарды куткаруу боюнча антитеррордук биргелешкен аракеттер» деген темада окуу өтөт. Буга бардык күч структураларынын өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө.
Статистикалык маалымат боюнча быйыл жаратылыш кырсыктары жылдагыдан арбын катталды. 39 жер көчкү, 22 кар көчкү жүрдү. Бул өңдүү кырсыктар 105 адамдын өмүрүнө залал келтирди.

XS
SM
MD
LG