БИШКЕК. Президент Аскар Акаевге, Жогорку Кеңешке, Бириккен Улуттар уюму баштаган эл аралык уюмдарга адилетсиздиктин курмандыктарын коргоо максатын көздөгөн 56 адамдын атынан кат жолдонду. Кайрылуунун мазмунун «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму 24-декабрда таратты. Кайрылуунун жолдонушуна аталган уюмдун демилгеси менен өткөн «Адилетсиздиктин курмандыктары өз укуктарын коргой алабы?» деген аталыштагы юридикалык семинар негиз берген. Семинар өткөн жылдардагы Аксы, Карабуура райондорундагы жана Барскоондогу окуяларда жабыр тарткан 45 адамдын катышуусунда өтүп, алардын укуктарын эл аралык жана улуттук деңгээлде коргоо маселеси талкууланган. Анын тыянагы менен кабыл алынган кайрылууда Аксы окуясындагы мыйзам бузууларды расмий таануу, «Арнамыстын» башчысы Феликс Куловду бошотуу, Кылмыш соту жөнүндөгү Рим статусун Жогорку Кеңешке ратификациялоого берүү, Кумтөрдө алтынды казып алууда эмне үчүн цианид пайдалангандыгына түшүндүрмө берүү, жабыр тарткандарды мамлекеттик камкорудкка алуу өңдүү 10 багыттан турган маселелер камтылган.