БИШКЕК. Кыргызстандагы шаарлар ассоциациясы облустук жана райондук кеңештерге депутаттарды шайлоо жолу менен эмес, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ичинен тандап алуу жолу менен топтоону туура көрөт. Бул демилгеге байланыштуу Шаарлар ассоциациясы Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоду. Кайрылууда негизделгенге караганда, мындай кадам мамлекеттик каражаттын үнөмдөлүшүн, элдин экинчи баскычтагы өкүлдөрүнүн жергиликтүү жамааттарга, айыл-шаар проблемаларына жакындашуусун шарттайт. Мындай кайрылууну шаарлар ассоциациясы өзүнүн 14-декабрдагы кеңешинде талкуулап, кабыл алган.
Шаарлар ассоциациясы райондук, облустук депутаттардын жалпы шайлоо аркылуу келишин жакташпайт