Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Элчилер алгачкылардан болуп катталууга аракеттенүүдө


БИШКЕК. Өлкөнүн бир катар мурунку элчилери Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышуу үчүн округдук шайлоо комиссияларына документтерин тапшырууга даярдык көрүшүүдө. Алардын бирөөсү 23-декабрда, экинчиси 24-декабрда документтерин тапшырды. Шайлоо кодексине ылайык округдук шайлоо комиссиясы документтер тапшырылгандан кийин он күндүн ичинде талапкердин каттоого алынган, алынбагандыгы тууралуу жооп бериш керек. Маалым болгондой Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев мыйзамга ылайык акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашабаган атуулдар парламенттик шайлоого талапкер катары катыша албайт, деп билдирген. Элчилер буга каршы чыгып, Конституциялык сотко кайрылышкан. Сот укук фактысы жок деген жүйөө менен арызды караган эмес.

XS
SM
MD
LG