Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Москва менен Токио Курил аралдары боюнча талашын улантууда


Жапониянын премьер-министри Дзюнитиро Коидзуми Орусия – ортодогу талаштуу төрт аралды кайтарып берүүгө милдеттүү деген пикирин кайталады. Премьер өз сөзүндө Орусия Тынч океандагы төрт аралды экинчи дүйнөлүк согуштун аягында басып алган деп белгилей кетти. Токиодогу бул билдирүүдөн бир күн мурдараак Орусиянын президенти Владимир Путин Москва Жапонияга эки аралды өткөрүп берүүгө даяр болуп калганын айткан. Москва менен Токионун ортосунда экинчи дүйнөлүк согуштан бери талашка түшүп келаткан төрт аралды Орусия өз аймагындагы Курил аралдары катары тааныса, Токио аларды – Жапониянын түндүк аймактары деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG