Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Украина жаңы президент үчүн кайрадан добуш берет


Андагы оппозициячыл талапкер Виктор Ющенко өкмөт добуш берүү маалында кагылышууларга жол берилбей турганын кепилдөөгө тийиш деп билдирди. Анын тарапкерлери премьер-министр В.Янукович шайлоодо Ющенко жеңсе, кан төгүүгө алып келчү аракеттерди пландаштырып жатат деген пикирде. Анын алдында эле Орусиянын президенти В.Путин парламентте сүйлөгөн сөзүндө Москва эч убакта мурдагы советтик республикалардагы саясий окуяларга кийлигишпейт деп ишендирди. Ал Батыш өлкөлөрүнүн - Кремль украин премьери Виктор Януковичти ар тараптан колдоп жатат деген айыптоосун четке кагып, Украинадагы окуяларга башка өлкөлөр таасир этип жатканына басым жасады. Бүгүн - оппозициячыл талапкер Виктор Ющенко менен премьер-министр Виктор Янукович шайлоо кампаниясын жыйынтыкташат.

XS
SM
MD
LG