Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

АКШнын коргоо министри Д.Рамсфелддин Иракка күтүүсүз сапары


Ал Мосул шаарында жана экс-лидер Саддам Хусейндин кичи мекени - Тикрит калаасында болуп, жоокерлерди Ыйса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктады. Ушул аптада Мосулда аскерлер тамактанган чатырда жанкечти жардырган бомбадан 22 киши набыт болгон. Рамсфелд шаардын чет жагындагы аскердик ооруканага барып, ал окуядан жабырланган жоокерлер менен жолукту. Тикриттеги аскерлерге кайрылган сөзүндө Пентагондун жетекчиси: "Эгерде биз Иракта ийгиликке жетишсек, экстремисттер утулууга туш болот. Тескерисинче экстремисттер үстөмдүккө ээ болсо, биз тарыхый озуйпаны алдырган болобуз", - деп белгиледи. Рамсфелд ушул эле күнү Фаллужа шаарына да сапарлап барды.

XS
SM
MD
LG