Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:26

Жаңы жыл күндөрү тартип күчөтүлдү


25-декабрдан тарта Ички иштер министрлиги күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт. Жаңы жылды тосуу күндөрү коомдук тартипти сакташ үчүн милициянын бардык бөлүктөрү кызматка тартылып, «Өспүрүм», «Селсаяк» жана «Ууру» өңдүү атайын операциялар жүргүзүлөт. Ал эми ИИМдин жөө күзөт бөлүмү күнү – түнү иштейт. Мындай күчөтүлгөн тартип республиканын бардык аймактарына орнотулат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынын башчысы Жолдошбек Бузурманкулов билдирди.

XS
SM
MD
LG