Эртең Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы боюнча экинчи добуш берүү өткөрүлөт. Оппозициялык талапкер Виктор Ющенконун айтымында, эгер ал президент болуп шайланса, өлкөнү экиге бөлүп-жаруу жараянын токтотуп, Европа өлкөлөрү менен болгон байланыштарды чыңдоого аракеттенет. Экинчи талапкер, премьер-министр Виктор Януковичтин айтымында болсо, оппозиция чет өлкөлүк жардам менен бийликти тартып алууга аракеттенүүдө. Өлкөгө 12 миңге жакын чет элдик байкоочу келди.