Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Кикбоксинг боюнча өзбек-кыргыз спортсмендеринин мелдеши


ОШ. 25-26-декабрь күндөрү Ош шаарында Кыргызстандын жана Өзбекстандын командаларынын ортосунда кикбоксинг боюнча жолдоштук беттешүүлөр болуп өттү. Мелдешке 51 килограммдан 90 килограммга чейинки жана андан жогорку салмак категориялар боюнча спорт чеберлери Ош шаардык мэриясынын кубогу үчүн беттешишти. Беттешүүлөр командалык негизде өткөрүлүп, эки өлкөдөн 30 спортсмен катышты. Мелдештин жүрүшүндө Өзбекстандын 15 балбанынын үчөө жеңишке жетишип, өз командасынын намысын сактоого аракеттенди. Ал эми кыргызстандык 15 кикбоксердун он экиси атандаштарын утуп, командалык жеңишти камсыз кылышты. Оюндун 46 секундасында өз атаандашын нокаутка кетирген 61 килограмм салмактагы кыргызстандык Максат Артыкбаевдин аракети жогору бааланып, ага жазында Алматы шаарында өтө турган Азия оюндарынын мелдешине катышууга жолдомо берилди.

XS
SM
MD
LG