ЖАЛАЛАБАД. «Фергана» газетасында жарыяланган «Сузактыктар сотко эмнеге нааразы?» деген макалага нааразы болгон облустук борбордун тургуну шаардык сотко кайрылган. Үй талаш маселеси боюнча Сузак райондук сотунун алдында пикетте тургандардын проблемалары жөнүндө баяндалган макалада адамдык ар намысына доо келтиргендиктен 35 күндөн бери ысык тамак ичпей олтурам деген аял, газетаны 100 миң сомго, ал эми макала авторун 50 миң сомго айыпка жыгып берүүнү өтүнгөн. Шаардык сот ишти 29-декабрда карай турган болду. Облуста чыккан республикалык «Фергана» газетасынын жетекчилигинин билдиргенине караганда, аталган макалада эч бир адамдын аброюна шек келтирилген эмес.