Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Грозныйда беш жикчи кармалды


Грозныйда Чеченстандын коопсуздук кызматынын кызматкерлери жекшембиде беш адамдан турган жикчилер тобун кармашты. Айрым маалыматтарга караганда, алар талаа командири Шамил Басаевдин кол астында болгон.
Ушул эле күнү эртең менен Чеченстандын Гудермеск районунда жикчилер тобу Орусиялык чалгынчыларга кол салды.
Атышуунун натыйжасында үч жоокер каза таап, бешөө жаракат алды. Маалыматтарга караганда, Чеченстандын Ведено районунда өткөн түнү орусиялык аскерлер Дышне-Ведено айылынын чет жакасын аткылап чыгышты. Райондун комендантынын божомолуна караганда аткылоо талаа командири Шамил Басаевдин жоочуларынын үч базасы аткылоого алынган. Андан жапа чегүүлөр жана кыйроолор тууралуу маалыматтар жок.

XS
SM
MD
LG