Мамлекет башчылыгы үчүн оппозициялык маанайдагы талапкер Виктор Юшенко менен өлкөнүн премьер- министри Виктор Янукович ат салышты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлүнүн сөзүнө караганда жалпысынан шайлоо тынч өттү. Ал эми айрым байкоочулар добуш берүүдө мыйзам бузууларга жол берилип жатканын билдиришти. Шайлоого 12 миңге жакын эл аралык байкоочулар катышты.
Украинанын азыркы президенти Леонид Кучма шайлоо тууралуу пикирин мындайча билдирди.
Мен ушул айлампа акыркысы болсо экен деп Кудайдан тиледим жана ошондой эле болооруна ишенем. Менин оюмча жеңилген талапкер атаандашына телефон чалып куттукташы керек. Бул узакка созулган шайлоонун маарага жеткен чеги болот. Көптөгөн мамлекеттер мындай өнөктүктү, өзгөчө Украинадагыдай кырдаалды башкара албай калышы мүмкүн эле
Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20да токтотулду. Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары дүйшөмбүдө чыгарыла баштайт.