Жергиликтүү бийликтердин маалыматына караганда, жекшембиде эртең менен болгон катуу жер титирөөдөн Шри –Ланкада кеминде эле эки миң жүз киши каза тапты.Индияда да миңден ашуун адам көз жумганы айтылууда. Жер титирөөдөн улам болгон катуу толкундан да жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылып, дагы бир канча киши дайынсыз.Индонезиянын саламаттыкты сактоо министринин маалыматына караганда өлкөдө зилзаладан 1800дөй адам набыт болгону катталды. Таиланддын түштүк-батышындагы курорттук районунда да жүздөгөн кишилер бир канча метр бийиктиктеги толкундун курмандыгына чалынды. Алардын арасында чет өлкөлүктөр да бар. Жер титирөөнүн чордону Индонезиянын борбору Жакартадан 1600 чакырым чыгышта, 40 чакырымдай деңиз тереңдигинен орун алганы айтылууда. Акыркы маалыматтарга караганда, бул зилзаладан жалпысынан 9 миңден ашуун адам өмүрүнөн ажыраган. Жер титирөөнүн күчү Рихтер шкаласы боюнча 8,9 баллга жеткен.
Адистердин айтымында бул чөлкөмдө акыркы 40 жылдан бери мындай катуу зилзала болгон эмес.
Адистердин айтымында бул чөлкөмдө акыркы 40 жылдан бери мындай катуу зилзала болгон эмес.