ТАЛАС. Жыйында аталган кеңештин Талас облусу боюнча төрагасы Мүдүр Мамбеталиев билдирүү менен чыгып, чогулгандарды алдыда келаткан Жогорку Кеңешке болуучу шайлоолордо элдин ынтымагын сактоого чакырды. Өз баянында ал дарек дайыны жок эле бирөөлөрдү эл бузаарлардын катарына кошуп, алардын сөзүн укпагыла, аларды ээрчибегиле деген ойлорун айтты. Депутаттыкка талапкер болуп Таластагы үч округдан али бир да инсан катталууга документтерин тапшыра элек, бирок буга карабастан аткаруу бийлиги кимдерден коркуп, кимдерди ээрчиш керек деген саясатын жүргүзө баштагандыгы президент Аскар Акаевдин 26-декабрь күнү эл менен түз эфирде баарлашканда айткан сөзүнө каршы келерин жергиликтүү байкоочулар ошол эле жерде айта башташты. Облустук шайлоокомдон ушул эле күнү алынган маалыматка караганда чынында эле али бир да талапкер катталуу үчүн документтерин тапшыра элек. Бирок депутат болуу ниетин көздөгөндөр ар кимиси өз алдына жараша штаб түзүп, даярдык иштерин жүргүзүп жатышат.