Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Саха Республикасында Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү ачылат


БИШКЕК. Россия Федерациясынын Саха Республикасында Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү ачылат. Бул тууралуу атайын токтом өкмөт тарабынан бүгүн кабыл алынды. Токтом Кыргызстан менен Россия Федерациясынын региондору менен болгон соода-экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүү, экспорт менен импорттун көлөмун жогорулатуу максатын көздөө менен кабыл алынды. Саха Республикасында ачыла турган соода өкүлчүлүгү өз алдынча каржылоо шартында ачылат жана анын коммерциялык, ишкердик кылуу укуктары чектелүү болот. Өз ишмердүүлүгүндө өкүлчүлүк Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү соода өкүлчүлүктөрүнүн иштөө тартиби жөнүндөгү жобого негизденет. Премьер-министр Николай Танаевдин буйругу менен Саха Республикасындагы Кыргызстандын соода өкүлчүлүгүнүн жетекчилигине Рыскулбек Берембаев дайындалды.

XS
SM
MD
LG