Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

ЕККУ Украинадагы шайлоо эл аралык стандарттарга кыйла жакындашты деп эсептейт


Киевдеги басма сөз жыйында уюмдун байкоочулар миссиясынын башчысы Брюс Жорж. Анын айтымында, кечээги добуш берүү Украина "эркин жана ачык шайлоону көздөй чоң кадам" жасаганын көргөздү жана бул - шайлоого байкоо жүргүзгөн уюмдардын биргелешкен кортундусу. ЕККУнун өкүлү ага катар шайлоодо кемчиликтер орун алганынын, бул тууралуу байкоочулардын жыйынтыктоочу документинде айтыларын кошумчалады.

Бюллетендердин 98%дан ашууну саналгандан кийинки маалыматка караганда, оппозиция лидери Виктор Ющенко 52%дан көп, ал эми премьер- министр Виктор Янукович 44% дан аз добуш топтогон. Өзү шайлоодо жеңгенин жарыялаган Ющенко бүгүн эртең мененки сөзүндө Украинада жаңы доор башталып жатканын айтты:

-Бүгүн биз адамдарды жээрүүнүн, калптын, цензуранын, зомбулуктун барагын жаап жатабыз. Украин элин жарга түрткөндөр ушул минуттарда өткөнгө айланууда. Бул баарыңыздардын ири жетишкендигиңер. Улуу жаңы демократиянын жаңы доору башталууда.

Кечээ Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы үчүн кайталап добуш берүү болду. Өлкөнүн Жогорку Соту 21- ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.

XS
SM
MD
LG