Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:47

Түштүк -чыгыш Азиядагы зилзаланын курмандыктарынын саны 20 миңден ашты


Аадам өлүмү эң көп катталган өлкө - Шри –Ланка. Океандын жер силкинүүсүнөн улам пайда болгон бийик толкуну жээктерге урулуусунан Шри -Ланкада 12 миңдей адам өмүрүнөн айрылды. Зилзаланын очогу Индонезиянын Суматра аралында болгон. Бул жерде каза тапкандардын саны 5 миңдей. Акыркы 40 жыл ичиндеги эң ири жер титирөөдөн Индия, Таиланд, Мальдиви, Малазия, алтурсун Чыгыш Африканын жээктери, Сомали да жабыр тартты. Миңдеген адамдар дайынсыз жоголгон. Курман болгондордун арасында Азиянын курортторунда эс алып жүргөн көптөгөн чет элдиктер, анын ичинде европалыктар да бар деп эсептелүүдө. Бирок алардын саны так белгисиз.Индиянын ички иштер министри Шиврай Патил жабыр тарткандарга эмнелер зарылдыгы тууралуу мындай дейт:

- Менимче азыркы баскычта биз унаага, тик учмаларга, учактарга, кемелерге, муктажбыз. Булар берилүүдө. Андан кийин чатырлар, төшөнчүлөр, дан азыктары зарыл. Ушундан соң биз жабыр тарткандарга каржы жардамдары кантип көргөзүлөрүн аныктайбыз.

Зилзаладан жабыр тарткан өлкөлөргө бир катар мамлекеттер өз жардамдарын убада кылды. Эл аралык Кызыл Чырым коому алты жарым миллион доллар ажыратты.

XS
SM
MD
LG