Ага көз салган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун миссиясы Өзбекстанда парламенттин төмөнкү палатасына болгон жекшембидеги шайлоо эл аралык стандарттарга дээрлик коошпогонун айтса, КМШлык байкоочулардын башкы өкүлү Владимир Рушайло саясий өнөктүк ачык жана калыс өттү деп белгилейт. Өзбекстандык белгилүү оппозициячыл партиялар шайлоого чейин эле каттоодон четтетилген болчу.