Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Кыргызстан элдик кыймылынын Жалалабад облустук бөлүмү билдирүү таратты


ЖАЛАЛАБАД. Кыймылдын облустагы бөлүмү президент Аскар Акаевдин 26-декабрда түз эфирде кыймылга карата айткан ой-пикири менен макул эмес экенин билдирди. Өлкө башчысы айткандай, кыймыл чет өлкөдөн каржыланган жок жана алардын көрсөтмөсү менен иштебейт. Февралдагы парламенттик шайлоодо Украинадагыдай элди бөлүп-жаруу жана митинг, пикет, жөө жүрүштөргө жана башка саясий акцияларга эч кимди мыйзам бузууга чакырууну көздөбөйт. Оппозициялык эмес, демократияга негизделген конструктивдүү күчтөрдүн бирикмеси деп аталган кыймыл президент өз жардыгы менен шайлоого расмий уруксат берген соң, ага мыйзам чегинде катышуу менен шайлоонун тынч, ачык-айкын жана калыс өтүүсүн каалайт. Кыймылдын облустагы бөлүмү ушундай билдирүү жасады.

XS
SM
MD
LG