Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:50

«Ата Мекен» партиясынын Жалалабад облустук бөлүмү жыйын курду


ЖАЛАЛАБАД. Жыйналышта парламенттик шайлоого камдануу, шайлоочулардын укуктарын коргоо жана байкоочуларды даярдоо маселеси талкууланды. Жалалабад, Ош облустарындагы округдардан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер болуучу партиянын төрт өкүлүнүн үгүт иштерин 2-февралдан кийин күчөтүү сунуштары берилип, шайлоочулар арбын айылдарда партиянын уюмдарынын ишин өркүндөтүү белгиленди. Шайлоочулардын укуктары бузулганда кандай документтер менен кайсы уюмдарга кайрылуу жолдоо жоболору түшүндүрүлдү. Бөлүмдүн жооптуу катчысы Асылбек Текебаевдин маалыматы боюнча ага эки облустун төрт районунан партиянын 48 мүчөсү катышты.

XS
SM
MD
LG