БИШКЕК. Кыргызстандын өкмөт башчысы Бириккен Улуттар уюмунун элдер жана калктар фондусунун 2005-2009-жылдардагы өлкөлүк программасын ишке ашыруу планын жактырган буйругун чыгарды. Аталган программа адамдын ден соолугун чыңдоо, калктын жашоосуна байланышкан маселелерди чечүүдө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, жакыр тургундар менен жаштардын жана өмүрү тобокелчиликке түшкөн адамдардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган. Өкмөт жактырган план эки бөлүктөн туруп, бири калктын саламаттыгын камсыздоо, экинчиси калктын жашоосун жогорулатуу максатын көздөйт.