Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:09

АКШнын элчиси кыргыз элин жаңы жыл менен куттуктады


БИШКЕК. Кыргызстандагы АКШнын ыйгарым элчиси Стивен Янг Кыргызстандын элине жаңы жылдык куттуктоо жолдоду. Анда “Урматтуу Кыргызстандын эли! Мен өтүп бараткан жылы Кыргызстандагы шаар башчылары, имамдар, студенттер, мугалимдер, фермерлер жана көптөгөн карапайым атуулдар менен жолугуштум. Алар өлкөдө бейпилдик, коопсуздук болушу үчүн жан дили менен колдорунан келген аракеттерди жасап жатканына күбө болдум. Кыргызстандыктар балдарынын келечекте татыктуу билим алышына, карылар бардар турмушта жашоого, денсоолукта бакубат өмүр сүрүүгө америкалыктардан эч бир айырмаланышпайт”, - деп айтылат куттуктоодо. Ошондой эле АКШнын элчиси эки өлкө элдерин гумандуулукка умтулуу бириктирээрин белгилеген.

XS
SM
MD
LG