Молдованын президенти Владимир Воронин бүгүн аскерий эмес адамды коргоо министрлигине дайындады. Министрлик кызматка Валериу Плешка деген адам келди. Ал мурда ишкер, акыркы мезгилде Молдова парламенттин депутаты. Мурдагы министр Виктор Гайчук октябрда кызматынан кетирилген, анын тушунда аскерий кампалардан курал уурдалып кеткен.