Казакстан аркылуу Казакстандын унаа министри Кажымурат Нагманов бүгүн жарыялаган маалыматка караганда, эмдиги жылы Казакстан өз аймагы аркылуу Кытайды Европа менен бириктире турган темир жол кура баштайт. Ал Казакстан менен Түркмөнстандын аймагы аркылуу өтүп, узундугу үч миң чакырымга жетет. Курулуш 15 жылга созулат жана долбоордун баасы төрт миллиард доллардан ашат.