Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Грузиянын чек арасын көзөмөлдөгөн европалык аскерлердин саны азайтылат


Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму бүгүн Вена шаарында өзүнүн Грузиядагы миссиясынын аракеттери боюнча жыйын баштады. Ал миссия Чеченстан, Ингушетия жана Дагестандын чек араларын көзөмөлдөйт, бирок Москва жакында жаңы талап коюп, аны токтотууну талап кылды.Уюмдун эмдиги жылкы бюджетин бекитпей коебуз деп коркутту. Грузиянын айтымында, миссия өз ишин улантууга тийиш. Жыйын эртең дагы уланат жана эксперттердин айтымында, миссиянын аракеттерин кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG