Казак прокуратурасы сотко кайрылып, "Казакстандын демократиялык тандоосу" деп аталган оппозициялык партияны жабууну талап кылды. Прокуратуранын айтымында, партия өлкөнүн коопсуздугуна зыян келтирүүдө, партия жетекчилигинин пикиринде болсо, бул аракеттин артында саясат жатат, анткени партия бийликке каршы сын айткан. Партиянын өкүлү Батырхан Дарымбеттин айтымында, оппозициянын абалы азыр өтө начар: "Казакстандагы саясий партиялардын абалы азыр өтө оор. Өкмөткө жаккан нерселерди, алар эмнени угам десе, ошону айткан партиялар гана жашайт. Бирок эгерде сиз өкмөт кетирген кемчиликтер тууралуу ачык айтсаңыз, дароо куугунтуктоо башталат". Партиянын айтымында, сентябрда өткөн парламенттик шайлоодогу жеңишти президент Нурсултан Назарбаев оппозициядан уурдап кеткен.