ОШ. Террордук аракеттердин жана шаардагы жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы 29-декабрдан баштап күчөтүлгөн кызмат абалына өттү. Коопсуздук чараларын көрүүнүн алкагында өзгөчө кайтаруудагы мамлекеттик объектилерди жана эл көп топтолгон жайлардагы коомдук тартипке көзөмөл жүргүзүүнү күчөтүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми Ош чек ара отрядынын өздүк курамы дагы күчөтүлгөн кызмат абалына өтүп, мамлекеттик чек араны кайтаруу иштери күчөтүлүүлдө.