Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:55

2004-жылы «Сорос-Кыргызстан» Фонду өлкөгө 1 млн. 899 миң АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлдү


БИШКЕК. 2004-жылы өлкөдө «Сорос-Кыргызстан» Фонду тарабынан жалпысынан 1 млн. 899 миң АКШ доллар өлчөмүндө 580 грант берилди. Бул тууралуу аталган фонддон маалымдашты. Быйыл «Сорос-Кыргызстан» Фонду гранттык колдоону негизинен экономика, билим берүү, атуулдук коом, саламаттык сактоо жана маданият тармактарына көрсөттү. Ал эми мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөр иретинде фонддон 284 миң АКШ доллары төлөндү. 2005-жылы да фонд тарабынан өлкөдөгү социалдык, экономикалык, укуктук проблемаларды чечүүгө багытталган долбоорлор колдоого алынат. Фонд тарабынан кийинки жылы да өлкөдөгу пенитенциардык системаны, саламаттык сактоо, билим берүү системасын реформалоого көмөктөшүү боюнча да иш-чаралар улантылмакчы.

XS
SM
MD
LG