БИШКЕК. Парламенттик шайлоо алдында бийликчил маанайдагы «Адилет», «Алга Кыргызстан», «Менин өлкөм» саясий партиялары бирдиктүү бир блокко биригиши ыктымал. Учурда бул максатта аталган партия жетекчилеринин арасында сүйлөшүү жүрүүдө. Бул тууралуу Адилет партиясынын төрагасынын орун басары, Эл өкүлдөр жыйын төрагасы Алтай Бөрүбаев 30-декабрда өткөрүлгөн маалымат жыйында журналистерге билдирди. Парламенттик шайлоого байланыштуу буга чейин оппозициячыл маанайдагы тогуз партия саясий блокко биригишип, Кыргызстан элдик кыймылы саясий бирикмесин түзгөн. Ал эми 30-декабарда оппозияцичыл маанадайгы «Атажурт», Кыргызстан элдик кыймылы, Элдик конгрес, Адилет шайлоо өткөрүү жана «Жаңы багыт» кыймылдары парламенттик шайлоону адилет өткөрүү боюнча өз ара макулдашууга кол коюшту.