Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

Лукашенконун негизги атаандашы соттолду


30-декабрда Мински соту Белорус оппозициясынын белгилүү өкүлү Михаил Мариничти беш жылга эркинен ажыратты. Ага Кошмо Штаттарынын элчилигине тийешелүү компьютерди өзүнө энчилеп алган деген айып коюлду. Михаил Мариничтин өзүнүн айтымында компьютерлерди ага Американын элчилиги өз ыктыяры менен берген. Муну сотко катышкан элчиликтин өкүлү да бышыктады.

Мурда Михаил Маринич өлкөнүн тышкы экономикалык байланыштар боюнча министри болуп иштеген. Ал оппозициянын катарына 2001-жылы өткөн жана алдыдагы шайлоодо президент Александр Лукашенконун негизги атаандашы деп эсептелип жаткан. Сот залында Маринич ага тагылып жаткан айыптар саясий гана мүнөздө экендигин билдирди:

Мага карата колдонулуп жаткан мыйзамсыздык, өкүмзордук жана басмырлоо эртеби-кечпи бул ишти заказ кылгандардын жана аны аткаруучулардын башына тиерине бекем ишенем. Чоң өзгөрүүлөр боло турган күнгө аз калды, мен аны билем. Урматтуу сот, кудай сизге эрк, калыстык жана кайрат берсин. Мен сизден бир гана нерсе сурайм – адилет чечим чыгарсаңыз, - деди Михаил Маринич. Ошого карабай соттун чечими өтө эле катаал болду.

Кошмо Штаттары баштаган Батыштын бир катар мамлекеттери Белорус бийликтеринен Мариничти токтоосуз бошотууну талап кылышты.

XS
SM
MD
LG