Өтүп бараткан жылдын экинчи жарымы Ирактагы АКШ аскерлерине эң көп жоготуулар алып келди. Атап айтканда, жайдан бери Иракта 503 Америка аскери курман болду. Баарынан да өлүм-чыгым өткөн ноябрда көбөйүп, бир ай ичинде коалиция күчтөрү 141 аскерин жоготту. Декабрда Иракта 75 АКШ аскери набыт кетти, жоокерлер кагылышууларда жана ар кандай кол салуу, жардыруулардан улам каза табууда.