Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Бишкекте ооган ишкери өлтүрүлдү


БИШКЕК. Ички иштер министрлиги бул күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Майрам күндөрү эл көп чогулган жайлар милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат. Бирок буга карабай жыл аягында Бишкекте ооган ишкери Абдулжабар Абдулжанды атып кетишти. Маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, Абдулжанга кол салуу 29-декабрда болгон. Белгисиз бирөөлөр аткан тапанча огунан ишкер каза тапса,анын жардамчысы Абдул Башир колунан жараат алган. Ооган ишкери «Прайд» аттуу кир жуугуч чыгарып, лампочка, самын сатуу менен алектенчү. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, бул окуя боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG