Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Мыйзам чыгаруу жыйыны токтом кабыл алды


БИШКЕК. 31-декабрда Мыйзам чыгаруу жыйыны Калкты жаңы паспорт менен камсыз кылуу маселесин кароону улантып, анын жыйынтыгында токтом кабыл алды. Анда өкмөттүн бул багыттагы иши канааттандырарлык эмес деп табылып, бул иштеги мыйзам бузууларды иликтөө үчүн парламенттик комиссия түзүлдү жана мамлекетке 51 миллион евро зыян алып келүү аракетин иликтөө Башкы прокуратурага, Улуттук коопсуздук кызматына тапшырылды. Токтомго ылайык, жаңы үлгүдөгү паспортто мамлекеттик герб туура эмес тартылгандыгы үчүн, ал эми өлкө ичинде иштөөчү пластикалык карточкалар керексиздигине байланыштуу жокко чыгарылды. Калкты паспорт менен камсыздоо жагын чечүү үчүн 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттун 500 миң даанасын чыгаруунун чарасын көрүү өкмөткө тапшырылды. Паспорт жаңжалына байланыштуу өкмөттү кызматтан кетирүү талабы да токтомго киргизилген эле. Бирок долбоордогу ал берене жетиштүү добуш ала алган жок.

XS
SM
MD
LG