Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:37

Махмуд Аббас качкындардын Рафах лагерине барды


1-январда палестин лидерлеринин бири Махмуд Аббас качкындардын Рафах лагерине барды. Аббас – 9-январда өтө турган шайлоодо президенттикке негизги талапкерлердин бири. Рафахта Аббасты миңдеген палестиндер колдон-буттан алып, төбөсүнө көтөрүп алышты жана ноябрда көз жумган Ясир Арафаттын ордуна Аббасты өз лидери кылып шайлоого даяр экендиктерин билдиришти. Чогулгандар ушунча көп болгондуктан Аббас атургай бир ирет жыйын өткөрүп болгондон кийин имараттан тышка эшиктен эмес, терезеден чыгып кетүүгө аргасыз болду. Аббас элге кайрылып, Рафах кысым алдында күн өткөрүп жатканы менен анын эрки майтарылган жок деп билдирди.

XS
SM
MD
LG