Шайлоо өнөктүгүн бир катар консерватор саясатчылар эмитеден эле баштады. Алардын катарында аятолла Али Хаменеинин башкы кеңешчиси Али Акбар Велаяти жана Ирандын мамлекеттик телекомпаниясынын жетекчиси Али Лариджани бар. Өлкөнүн азыркы президенти Мухаммад Хатами буга чейин эки ирет шайланган жана мыйзамдар анын дагы шайланышына тыюу салат. Мухаммад Хатаминин жактоочуларынан азырынча экөө өнөктүккө катышканы жатат. Анын бири – азыркы вице-президент Мохсен Мехр-Ализадех болуп эсептелет.