Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Люксембург Европа биримдигин башкарууга киришти


1-январдан тартып алдыдагы жарым жылда Европа биримдигин Люксембург башкармакчы. Бул өлкөнүн өкмөтү алдыдагы өзүнүн милдети катары – Кошмо Штаттары менен Евробиримдиктин ортосундагы Ирак согушунан кийин сууй түшкөн мамилени жакшыртууну айтууда. Мындан тышкары Люксембургдун алдында Евробиримдикти кеңейтүү милдети, так айтканда, Румыния менен Болгарияны апрель айында мүчөлүккө кабыл алуу иши да турат. Люксембургдун премьер-министри Жан Клод Жанхердин айтымында Евробиримдиктин дагы бир чоң иши эми Түштүк Азияда болгон алааматка байланыштуу жүргүзүлмөкчү. Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин министрлери 7-январда жыйын куруп, Инди океанынын жээгиндеги өлкөлөргө көмөк көрсөтүүнүн жолдорун талкуулашат.

XS
SM
MD
LG