БИШКЕК. Мамлекет башчы Аскар Акаев Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясы аркылуу өлкө элин жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Өз сөзүндө президент, узап бараткан эски жыл Кыргызстан үчүн жакшы жыл болгонун, экономика көтөрүлүп турмуш оңолуп баратканын белгиледи. Ошондой эле Акаев 2005-жылы экономикалык бир катар долбоорлор ишке ашырылаарын билдирди. Алдыдагы саясий өнөктүктөр тууралуу:
-Жаңы 2005-жылда өлкөбүздө бир катар ири экономикалык долбоорлор күтүлүүдө, буюрса, алар баарыбыздын кирешебиздин кескин өсүшүнө көмөкчү болуп, ар бирибизге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жарата тургандыгына мен терең ишенем.
Ошондой эле мен жаңы 2005 - жылда боло турган ири саясий өнөктүктөр да элдин өсүп өнүгүүсүнө кубаттуу түрткү болушун каалап кетээр элем.
Урматтуу кыргызстандыктар,
Ылайым үйүңүздөрдү бейпилдик, ынтымак, бакыбат турмуш орносун!
Майрамыңыздар менен, кымбаттуу мекендештер!
–деди Аскар Акаев.