Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:04

ЖАҢЫ 2005-ЖЫЛ ДҮЙНӨНҮН КЭЭ БИР ӨЛКӨЛӨРҮНДӨ АЗА МЕНЕН БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Жаңы жылды тосуу быйыл аза күтүү жыйындары менен коштолду, анткени өткөн жекшемби күнү Түштүк-Чыгыш Азиядагы жер титирөөдөн өлгөндөрдүн жалпы саны 150 миңге жакындап баратат.

Нью-Йорктун борборундагы Тайм-сквердеги Жаңы жыл тосуу демейде өтө салтанаттуу белгиленет, быйыл болсо 31нен бирине караган түнү салтанаттар бир нече жолу токтотулуп, өлгөндөрдү эскерүү жана аза күтүү жыйындары өттү. Өлгөндөрдүн арасында 12 америкалык жаран болсо, дагы алты жүзгө жакын адамдын дайыны эмдгиче белгисиз.

Бириккен Улуттардын жардам көрсөтүү маселелери боюнча координатору Ян Игланддын айтымында, ар башка уюмдардан жана мамлекеттерден бир миллиард доллардан ашык жардам чогултулду:

"Бүгүнкүгө караганда, бир миллиард жүз миллиондон бир миллиард эки жүз миллион долларга чейин жардам бериле тургандай, анын 350 миллионун Америка Кошмо Штаттары убада кылды. Буга чейин дүйнөдөгү бир дагы кырсыкка мынчалык көп эл аралык жардам чогултулган эмес, эч качан".

Вашингтон алгач 35 миллион доллар берүүгө убада кылган, бирок эл аралык эксперттер аны сындагандан кийин, президент Жорж Буш бөлүнө турган акчанын санын 10 эсеге көбөйттү.

Мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин айтымында болсо, эгер керек болуп калса, АКШ андан да көп каражат бөлүшү мүмкүн:

"Мен ойлойм, бул $350 миллион акыркы чек эмес, бул - биз азырынча бөлгөн гана жардамыбыз".

Европа мамлекеттеринде дагы Жаңы жылдык салтанаттар аза күтүү менен коштолду. Париж шаарынын тургундары Жаңы жылды борбордогу Шамз Элизе аянтында тосот, быйыл бул аянт кара түстөр менен азага толду.

Берлин шаарынын борборундагы Брандербург дарбазасынын алдында Жаңы жылды тосуу менен кошо жапа чеккендерге жардам чогултуу уюштурулду. Аза күтүү жыйындары Норвегия, Финляндия жана Швецияда дагы өткөрүлдү.

Кырсыктан бардыгы болуп эки миң эки жүзгө жакын чет өлкөлүк адам өлгөн, алардын басымдуу көпчүлүгү - Азияга эс алууга барган европалыктар.

Австралияда Жаңы жылдын биринчи мүнөтү кырсыктан ажал тапкандарга арналып, аза күтүү менен башталды. Малайзиянын өкмөтү жаңы жылдык өкмөттүк салттанаттарды намаз окуу менен алмаштырды. Индонезиянын президенти Сусило Бамбанг Юдхийоно элге кайрылып, Жаңы жыл менен байланыштуу шаан-шөкөттөрдү чектөөгө чакырды.

Жер силкинүү Индонезиянын Суматра аралынан алыс эмес аймакта деңиз түбүндө болгон жана андан чыккан толкун Индия менен Африкага чейин жетип, жээктеги имараттын барын жайпап кетти. Эң көп адам Индонезияда өлдү - 80 миңден ашык, Шри Ланка аралында курман болгондордун саны 30 миңге жетти жана өкмөт 1-январды расми аза күтүү күнү катары жарыялады.

Борбор калаа Коломбонун тургуну Суреш Переранын айтымында, шаарда бул жолу Жаңы жылдык салтанаттар болгон жок:

"31-декабрда демейде өтө чоң майрам уюштурулат, ар башка салтанаттуу жыйындар, бий конкурстары, түрдүү кечелерге барып майрамдайбыз. Бирок бул жолу майрам болгон жок, анткени башыбыздан кыйын кезеңди кечирип жатабыз. Шри Ланкада жашагандын баары үчүн бүгүнкү күн капа, аза күнү".

Таиланддын борбору Бангкок шаарында дагы өкмөттүк салтанаттар болгон жок жана алар аза жыйындары менен алмаштырылды. Өлкөнүн Пхукет аралы өтө зор кыйроого туш болду. Бул аралдагы Жаңы жыл да азадан башталды.

XS
SM
MD
LG